Кечээ, 1-октябрда Бахрейнде өткөн "BRAVE-CF 43" эл аралык турниринде кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулунун беттеши жокко чыгарылды.
Маалыматка ылайык, Кубанычбек Абдисалам уулу бул турнирде орусиялык күчтүү делинген Абдул-Рахман Махажиев менен беттешмек. Бирок орусиялык мушкер ден соолугуна байланыштуу турнирге катышуудан баш тарткан. Мындан улам эки мушкердин беттеши жокко чыгарылган.
Абдул-Рахман Махажиев карьерасында жалпы 12 беттеш өткөрсө, анын ичинен 7 жолу жеңүүчү аталган (1и нокаут менен), 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу карьерасында жалпы 16 беттеш өткөрсө, анын ичинен 14 жолу жеңүүчү аталган жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.