Ырчы Кызсайкал Кабылова көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алды. 2 бөлмөлүү батирди кызына арнап алганын айткан ырчы буларды билдирди.
"Кыз баланын жашоосунда ар кандай окуялар болуп кетет экен. Кызымдын келечеги үчүн үй алайын деген планым бар болчу. Ошол оюмду ишке ашырып, жаңы курулуп жаткан үйдөн батир алдым. Бул үйдүн курулушу жакында толук бүтөт. Буюрса, ичин өзүбүз каалагандай жасап алып, кызым экөөбүз жашайбыз же ижарага берем. Эгер ижарага берип калсам акчасын кызым үчүн аманат кылып топтойм.
Үйдү 2 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алдым. Эч кимден жардам алган жокмун. Батир аларымды ата-энем дагы билген эмес. Мен бир иш кыларда эч ким менен деле кеңешпейт экенмин", - дейт ал.