Жылдык кирешеси 43 миллион доллар. Көп каражат тапкан дүйнөлүк актрисалардын тизмеси жарыяланды

Белгилүү "Forbes" басылмасы дүйнөдө эң көп киреше тапкан актрисалардын тизмесин жарыялады. Анда көп каражат тапты делинген 10 актрисанын кирешелери эсептелген. Алардын кирешелери 1 жыл ичинде 20 пайызга төмөндөгөнүн батыш маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жылдык кирешеси 43 миллион долларды түзгөн колумба-америкалык актриса жана модель София Вергара биринчи орунга жайгашты.

Тизменин экинчи сабында Анжелина Жолинин ысымы жазылган. Анын 1 жыл ичинде тапкан кирешеси 35 миллион 500 миң долларды түзгөн.

Ал эми 31 миллион 500 миң доллар кирешеси менен израилдик актриса жана модель Галь Гадот үчилтикке кошулган.

Кирешелүү актрисалардын ТОП ондугунда Мелисса Маккарти, Мерил Стрип, Эмили Блант, Эллен Помпео, Элизабет Мосс, Виола Дэвис жана Николь Кидмандын ысымдары жазылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jibakana
2020-10-03 11:59:24
Мага 5000доллар берип турса уйумду бутургонго(
+6
rola
2020-10-03 16:17:38
Жуксун бизге дагы.Кирешелер кобое берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан