"Жол бошотуп бердим". Ырчы Нурмат Садыровдун иниси үйлөндү

Ырчы Нурмат Садыровдун иниси үйлөнүп, 2-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт тою болду. Бир тууган агасынын баласына жол бошотконун айткан ырчы той тууралуу буларга токтолду.

"Мени жалгыз бала деп ойлошот экен, мен 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Улуу агам 18 жашында үйлөнгөн. Агам менен жеңемдин тун баласы Бузурман үйлөнүү жашына келип, менден уруксат сурады. Менде дагы 23-24 жашымда үйлөнөм деген ой болгон. Мындан улам сүйүктүүсү менен бирге бактылуу болсун деп жол бошотуп бердим", - дейт ал.

Ал эми ырчынын үйлөнүү тууралуу пландарын сураганыбызда: "Иним Бузурман менен келинибиз Айназиктин үлпөт тоюнда мага көп бата берилди. Буюрса, баталар кабыл болуп, үйлөнүп калармын", - деди Садыров.

Нурмат Садыровдун сахналаш достору тойдун коноктору болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tokuw
2020-10-03 15:21:27
бактылуу болгула
+2
rola
2020-10-03 18:26:07
Бактылуу болушсун баш кошкон эки жаш.Тааныбасам эмне дейм башка.
+4
sultan_bek
2020-10-04 00:56:14
Абдан сулуу келин алыптып
-3
kulubaev91
2020-10-04 09:43:06
Бактылуу болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан