Социалдык тармакта "Андижан полькасын" берилүү менен бийлеп жаткан кыргыз келиндин видеосу тарады.
Анда жоолук салынган келин белгилүү "Андижан полькасын" аткарган. Видеону жүктөгөн колдонуучу анын астына "Андижан полькасы" бийинин автору Оштун артисттери болгонун белгилеп, бийдин жаралуу тарыхын жазган.
"Бийдин автору жана аткаруучусу оштук артисттер болгон. Музыканын автору Ибраим Фазилов, бийлеген - анын аялы Розияхон Муминова. Кыргыз ССРинин эл артисти Розияхон Муминова биринчи жолу Андижанда конкурста бийлеп чыккан. Ошондон улам "Андижан полькасы" аталып калган. Кызынын айтуусу боюнча, Розияхон Муминова "Ош полькасы" деп атабаганы үчүн өмүрүнүн акырына чейин өкүнүп жүргөнүн айтат. Бул анын жакшы көргөн бийи болчу. Оштун театрында 70 жаш курагына чейин бийлеп келген", - деп жазылат билдирүүдө.