ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында ЖККУнун тышкы чек арасын бекемдөө маселеси талкууланат

Сочидеги ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында ЖККУнун тышкы чек арасын бекемдөө маселеси каралат. Муну бүгүн, 21-сентябрда президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди. Айтымында, сессияда каралчу маанилүү маселелердин бири ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылган Кыргызстандын иш жыйынтыгын чыгаруу болот.  

"Президент Алмазбек Атамбаев төрагалыкты Орусиянын президенти Владимир Путинге өткөрүп берет. 23-сентябрдан баштап аталган кеңешке Орусия тарап төрагалык кыла баштайт",- деди Исаков. Ал Кыргызстан тарап төрагалыкты натыйжалуу жүргүзгөнүн кошумчалады. Кеңешке Кыргызстан төрагалык кылып турган учурда ири долбоор: Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан темир жолун куруу демилгеси көтөрүлгөнүн айткан Исаков: "Бул долбоор кызуу талкууланууда",- деди. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан