Ысык-Көлдүн Каракол шаарында баңгизат колдонуп жүргөн деп шектелген жаран кармалды. ОИИБинин билдиришинче, 54 жаштагы жергиликтүү тургун М.Жаныштын үйүн тинтүүгө алганда 2,3 грамм героин, ичине ак түстүү суюктук сордурулган 2 шприц табылды. Кармалган адам мурда да бир нече жолу баңгизат кылмыштарына байланыштуу соттолгонун билдирет ОИИБ. Факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынмакчы.