Ош шаарында 57 жаштагы жаран 6 жашар баланы тоногондугу үчүн айыпталууда. ИИМдин билдиришинче, кылмышка шектүү 14-сентябрда шаардагы базарлардын биринде акча уурдап качкан. Окуя боюнча: Базарда соода кылган айым өзүнүн 6 жаштагы баласын соода орунун карап турууга калтырып кетет. Бул учурда шектүү жаран баланы алаксытып, кассадагы акчаны алып качып кетиптир. Бала артынан кыйкырып чуркап, аны көргөн көпчүлүк кылмышка шектүүнү кармап калышканы белгилүү болду. Милицияга кабар берилип, мурда бир нече жолу соттолгон С.А. аттуу жаран кармалды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
salamatsyzdarby super info,emne uchun kylmywkerlerdin atyn toluk jazbaisyzdar,?el biliw kerek kim ekenin,kandai ekenin? Bolboso alar daiym kaitalai beret . Baary taanyw kerek, koomubuzdun tynchtygy uchun!!!
0
admin_superstan
2013-09-23 17:35:59
DSD,Саламатсызбы!
Сунушуузга рахмат! Бирок күнөөсү далилденип, соттун өкүмө чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
0
zama.kj9
2013-09-23 17:39:13
DSD, андайды ачык айтканга болбойтко.балким ал озбек улутундагы адам.аны уккан эл кайра озбек,кыргыз болуп кырылып кетишет.
0
tengara
2013-09-24 16:13:35
ii beti jok,kantip kolu bardy
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.