Жалал-Абаддын Токтогул районунда автокырсык болуп 1 адам каза тапса, экөө жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, окуя 22-сентябрда Бишкек - Ош трассасынын 222-чакырымында саат 14:30 чамасында болду. Тойота Камри унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткени айтылды. Кырсыктан 41 жаштагы К.О. аттуу жаран каза болсо, 20 жаштагы У.Бактыбек уулу менен Б.А. жаракат алды. Автоунаадагылардын баары Оштун Кара-Кулжа районунун тургундары.