"Кыргызтелекомдун" Республикалык телевидение жана радиоуктуруу магистралдарынын өндүрүштүк бирикмесинин мурдагы жетекчиси акчаны мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган бирикме 2010-жылы жасалма документтер аркылуу жеке компаниялардын биринен керектүү жабдууларды кымбат баада көрсөтүп, 24,3 миллион сомго сатып алган.
Факты боюнча Башкы прокуратура 16-сентябрда алдамчылык, коммерциялык уюмдарда иштеген кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.