Футбол боюнча кыздар арасындагы Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары Монголияда өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Азия Футбол Конфедерациясы (AФК) кыздар арасындагы (U-17 жана U-20) футбол боюнча Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарын өткөрүү үчүн Монголия Футбол Федерациясын тандап алган. Тандап алуу оюндары 2021-жылдын март жана апрель айларында өтөт.
Азия Футбол Конфедерациясы (АФК) Азия чөлкөмүндөгү жана Австралиядагы эң башкы футболдук уюм болуп саналат. 1954-жылы 8-майда негизделген. Башкы кеңсеси Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында жайгашкан.