"Мекениме пенсионер же сынчы болуп кайтууну каалабайм" дейт Японияда окуп, эмгектенип жаткан мекендешибиз

Адам ар дайым өзүн өнүктүрүп, жаңы ачылыштар, жаңы билимдер менен өзүн толуктап турушу бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Ал үчүн чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтоп, мекенге кызмат кылсак деген жаштардын арбын экендиги жүрөк жылытарлык көрүнүш. Дал ушундай дымактуу жаштарыбыздын бири Чыңгыз Сүйүнбек уулу менен SUPER.KG порталы маек курду. Ал күн чыгыш өлкөсүндө окуп, жашап жүрүп башынан өткөргөн кызыктуу күндөрүн, Япониядан алган таасирлери менен бөлүштү.
— Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кенен маалымат айтып берсеңиз.
Саламатчылык. Алыскы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 1996-жылы 28-июнда төрөлүп, балалыгым дал ошол айылда өткөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эжем жана иним бар. Ата-энем болсо айылда турушат. Мектепти жакшы эмес, ортодон жогорураак окусам керек. Мен бардык предметтердин ичинен гуманитардык тарабына көбүрөөк кызыкчумун. 2014-жылы орто мектепти аяктаган соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин инновациялык технологиялар бөлүмүнө инженер-программист адистиги боюнча тапшыргам. Университетти аяктаган соң Кыргызтест мекемесинде программист болуп жарым жылдай иштедим. Ошол убакта тааныштардан Япониянын окуу жайларына тапшыруу жолдору тууралуу угуп, дароо аракет кыла баштадым. Шаардагы окуу борборлордун биринде "Келечек" программасы боюнча Осака шаарындагы Kokusai Mirai академиясына окууга тапшырып өтүп кетип, күн чыгыш өлкөсүндө окуп калдым.
Японияда кайсы тармакта эмгектенип жатасыз? Кайсы шаарда?
Азыркы убакта Нагоя шаарында жашайм. Окууну бүтүп жумушка кирип жатканыма байланыштуу бул шаарга жакында эле көчүп келдим. Web-иштеп чыгуучу болуп иштеп баштайм, азыркы учурда стажировка мөөнөтүн өтөп жаткан убагым.
Басылмалардын биринен Күн чыгыш өлкөсүндө кичинекей балдарга салыштырмалуу үй жаныбарлары көп деп окуп калган элем. Чын эле ушундайбы?
Ооба, япондор үй жаныбарларын дагы кайсы бир деңгээлде үй-бүлө мүчөсү катары эсептешет. Мисалы, кээ бир япондордон "үй-бүлөдө канча адамсыңар?" деп сурай турган болсоң, эсепке кээде ит, мышыгын дагы кошуп санап кетишет. Япондордун кыздарынын үй-бүлө куруу курагынын орточо жашы 29, ал эми эркектердики андан дагы өйдөрөөк. Үйлөнбөй жүрө бергендери дагы толтура. Көп дегенде 2-3 эле балалуу болушат. Карыганда бир баласы сөзсүз караш керек деген биздикиндей эзелтен келе жаткан жазылбаган мыйзамдары жок. Жалгыздыкта калган адамдар бизге салыштырмалуу аябай эле көп десе болот. Сиз айтып жаткан маселенин келип чыгышы, үй жаныбарларынын неберелерди алмаштыруусу ушундан болсо керек.
Адам баласы жашоосунда кызыктуу окуяларга, күтүлбөгөн жагдайларга туш болору анык. Японияда окуп, иштеп жүрүп сиз туш болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.
Япондор убакытка өтө так келет эмеспи. Негизи эле баарына так болушат экен. Япон тилин бир аз өздөштүрүп калганда окууга чогуу тапшырган бала экөөбүз Макдональдска сабактан кийин ишке кирдик. Ал жактагы менеджер менен жакынкы шаарларга саякат кылдыртып туруу боюнча сүйлөшүп калдык. Анын унаасы бар болчу. Биз Фудзияма тоосуна барууну сунуштасак, ал убакта күз болгондуктан тоого чыгуу мүмкүн эмес экен. Анда кийинки жылы жайда баралы деп туруп калсак. Менеджер: "Кайсы айда?" дейт, биз - тогузунчу айда го (август), ага чейин көрө жатарбыз дегендей жооп кайтарсак, телефонун алып чыгып эле "канчасында? мен 3-4-5и бош болом деп баштады. Таң калып эле түшүнбөй туруп калдык. Карасам кийинки жылдын август айынын күн тартибин ачып алып карап жатыптыр. Телефонун сурап алып көз жүгүртсөм, 2022-жылга чейинки күн тартибин толук жазып алыптыр (күлүп). 3 жыл алдын ала… Бул жөнөкөй эле бир менеджердин деңгээли болчу… Япониядордун тактыгы дегенде эле алгач ушул окуя эске келет.
Мезгилди адам баласы кантип көрктөндүрүп алса болот?
Кээ бир адамдар бардар үй-бүлөдө же күчтүү мамлекетте төрөлүп, жашоодо дароо эле артыкчылык алып калышат деп калабыз. Бирок бардыгыбызды бир эле жаратуучу жаратат да. "Тагдыр кайраттуу адамдарга жардам берет". Менимче, жашоодо баарыбызга бирдей эле мүмкүнчүлүк берилген. Адам баласы кандай шартта болбосун өзүн чектеп койбой, жаңы илимди, кесипти, жаңы барактарды коркпостон аттай берип мезгилди көрктөндүрүп алса болот деп ойлойм. Ачылыштар токтогондо жашоо көрксүз болуп баштаса керек…
— Мыкты жооп болду. Жашоодо ар бир адамдын өзүнө тиешелүү шык берчү адамдары болот деп билем. Сизге дагы мотивация берген инсандар болсо керек. Алар тууралуу баяндап берсеңиз.
Ата-энем, бир туугандарымдын жана жакын санаалаш адамдардын колдоосу дайыма шык берет. Бирок андан дагы чоң демди тарыхта калган инсандардын өмүр баяндарын, жасаган иштерин баяндаган китептерди окуганда алам. Жашоодо бир үй салып коюп, керт башыңдын тиричилиги менен эле алышып жүрүп өтүп кетүүдөн коркуу - мен үчүн эң негизги мотивация.
Абдан эмгекчил келген япондордун жумуш убактылары жөнүндө дагы айтып өтсөңүз. Аптасына канча күн, канча сааттан иштешет?
Көбүнчө мекемелерде 6 күн, күнүнө 8 сааттан иштешет. Бирок эки жумушта иштеген же 8 сааттан көп иштегендер дагы көп кездешет. Жаштар эле иштей ала турчу оор жумуштардан 70 жашка таяп калгандарды жолуктурасың. Үй-бүлөсүнөн жумушун биринчи орунга коюу япондор үчүн нормалдуу нерсе. Жыл бою эс албай иштеп салган япондор дагы бар.
Япон тилин үйрөнүү оңой болбосо керек, тилди өздөштүрүүгө канча убактыңызды сарптадыңыз?
Кыргыз өлкөсүнөн 3 ай окугам. Бул жакка келгенден кийин 1 жылдан ашык убакыт сарптадык. Азыр деле толук үйрөнүп бүткөн эмесмин. Дагы көп окуу керек. Негизи өз оюңду түшүндүрүп, кенен пикир алышып калуу үчүн 6 айдан ашык убакыт керектелет. Ар бир адамдын аракетине жараша убакыт кыскара же узара берет.
Японияда жүрүп эмнелерди жоготуп, эмнелерди таптыңыз?
Жаңы дос-тааныштарды жана өзүм үчүн жаңы көз караштарды, түшүнүктөрдү таба алдым десем болот. Жоготкондорум болсо аралыктын алыстыгынан жакын адамдар жана досторуң менен узак убакытка жолугуша албаганыңдан ортодогу мамиленин алыстаганы. Жамандык-жакшылыктарда чогуу боло албаганың. Бир жагынан утушта болсоң, экинчи жагынан баары бир коромжудасың.
— Мекенге качан кайтайын деп турасыз?
3-4 жылга барып калса керек…. Азырынча так убактысын чече элекмин. Жакын адамдардын дээрлик баары "Ошол жакта эле кал, Кыргыз өлкөсүнө келгенде эмне кыласың!? Көрүп атасың го бул жактагы абалды..." деп айта беришет. Бул маани берилбегени менен, аябай эле оор тиет экен. Анткени чет жакта жүргөндө мекениңдиң бар экенин билип жашоо эле адамга чоң күч-кубат берет. Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан ар бир жакшы-жаман окуянын баарын жүрөгүңдөн өткөрүп кабылдайсың… Кайтчу убакты так билбейм, бирок мекениме пенсионер болуп же 40тан ашып жөн эле сынчы болуп кайтууну каалабайм. Тескерисинче, жаштыктын курч, жемиштүү деген мезгилин өз өлкөмдө короткум келет.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Иштериңизди ийгилик коштосун!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
serche
2020-10-05 16:05:58
Ийгилик, иним! Сен мага мотивация бердин.
+1
Baktyluumun98
2020-10-05 16:26:17
Азамат жигит экенсин. Сеникиндей билим, сеникиндей коз караш биздин балдарга дагы буйрусун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан