Сенсация! "Ливерпуль" клубу 1963-жылдан бери биринчи жолу өз дарбазасына 7 гол өткөрүп алды

Кечээ, 4-октябрда өткөн Англия Премьер-Лигасынын (АПЛ) 4-турдук оюнунда "Астон Вилла" командасы өз үйүндө күчтүү делинген "Ливерпуль" футболдук клубун кабыл алды.

Оюн кызуу өңүттө орун алып, "Астон Вилла" командасы каршылашынын дарбазасына 7 гол киргизди. Муну менен "Ливерпуль" клубу 57 жылдан кийин биринчи жолу 7 гол өз дарбазасына өткөрүп алды. Акыркы жолу "Ливерпуль" 1963-жылы "Тоттенхэм Хотспур" командасына 7:2 эсебинде утулган.

"Астон Вилла" - "Ливерпуль" (7:2);

Голдор: Олли Уоткинс (4, 22,39-мүнөттөрдө), Жон Макгинн (35-мүнөттө), Росс Баркли (55-мүнөттө), Жек Грилиш (66, 75-мүнөттө), Мохамед Салах (33, 60-мүнөттө).

Англия Премьер-Лигасынын алкагында 17-октябрь күнү "Ливерпуль" лондондук "Эвертон" клубу менен конокто ойносо, "Астон Вилла" конокто "лестер" менен кез келет.

"Астон Вилла" - "Ливерпуль" 7:2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2020-10-05 13:47:07
Ёклмн...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан