Бүгүн мугалимдердин майрамы: "Окуучулар, ата-энелер онлайн куттуктоолорун, сүрөт, "жакты" белгисин жиберип жатышат"

Кыргыз өлкөсүндө билим берүү кызматкерлеринин күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленет. Республиканын өкмөтү бул датаны 2014-жылы бекиткен. 1994-жылы Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү катары негизделген бул майрамды бүгүнкү күндө жүздөн ашуун өлкө белгилеп жатат.

SUPER.KG порталы мугалимдердин майрамына карата Бишкек шаарындагы №51 мектеп-гимназиясынын көркөм өнөр жана технология боюнча мугалими Гүлмира Адыкова менен маектешти.

- Саламатсызбы, Гүлмира эже? Бүгүнкү майрамыңыз менен куттуктайбыз. Майрамдык маанайыңыз кандай?

- Саламатчылык. Рахмат. Майрамдык маанай эң жакшы.


- Кол өнөрчүлүк боюнча канча жылдан бери сабак берип келе жатасыз? Окуучунун эмгегин баалоо мугалим үчүн да оңой иш эмес дешет?

- Мектепте окуучуларга сабак берип жатканыма 15 жылдан ашты. Орус-кыргыз класстын кыздарына кол өнөрчүлүк сабагынан кийизден, жүндөн, кагаздан жана башка материалдардан оюу-чийүүлөрдү, кадимки улуттук кийиздерди, ар кандай саймалардын түрлөрүн сайганды көбүнчө практика жүзүндө үйрөтүп келем. Албетте, ар бир окуучунун эмгегин баалоо мугалим үчүн оңой иш эмес. Себеби окуучу ар бир аткарган тапшырмасына канча баа аларына көбүрөөк кызыгып, күтүшөт. Баа албай калышса капа болушат. Ошондуктан ар бир эмгекти текшергенге аракет кылам. Майда ишти өтө кылдаттык менен кароого туура келет. Бул көбүнчө ден соолукка, өзгөчө көзгө зыяны тиет. Ошого карабай туура баа койгонго аракет кылам. Бир үйдө беш бала дегендей, ошону туура түшүнүп, жеңилирээк, оңой жана кызыктуу тема бергенге да аракет кылам.

- Кол өнөрчүлүктөн башка дагы эмнелер менен алектенесиз?

- Көбүнчө убактымды окуучуларга арнайм. Андан тышкары өзүмчө сүрөт тартып турам. Карантинге чейин өзүм көбүнчө ар кандай ийримдерге, ансамблдерге катышып жүрдүм. Учурда окуучуларга жаңы өнөрчүлүктөрдү үйрөтүү менен алекмин. Азыркы убакта аралыктан окутуу мезгилинде окуучуларга мүмкүн болсо кыска жана кызыктуу, түшүнүктүү сабак өткөнгө убакыт бөлүп, ошонун үстүндө иштеп жатам.

- Онлайн демекчи аралыктан окутуу кандай жүрүп жатат? Окуучулар майрамыңыздар менен куттуктап жатса керек?

- Онлай окутуу болуп калгандыктан чынында мугалимдерге да, ата-энелерге да кыйын болот экен. Бир чети окуучулар жаныңда жок, сабак кызыксыз да өтүп калат. Ошентсе дагы окуучулардан байкалып турат, кол өнөрчүлүк сабагынан тапшырмаларды 80 пайызы аткарышат. Кадимкидей телефондон алыстап, жакшы эмгектерди жаратышат. Ушундай кыйынчылыкта биз биримдикте, ынтымакта болушубуз керек, биз ошондо баарын жеңебиз, "келгиле, бир нерсе түшүнөлү" деп сабакты баштайм. Муну ата-энелер дагы туура түшүнүп, балдарына көмөктөшөт. Кадимки окууда алардын жанына барып көрсөтөсүң, башынан сылайсың, эркелетесиң. Азыр андай жок. Телефондон көрүшкөндө окуучулар кадимкидей кубанышып, "жакты" белгисин жиберишет. Бүгүн мугалимдердин майрамы менен куттукташып, окуучулар, ата-энелер да жакшы ойлорун билдирип, куттуктоолорун айтышып, гүлдөрдү, "жакты" белгилерин жиберип жатышат.

- Жакшы. Орус жана кыргыз класстарына сабак берет экенсиз, окуучулар менен иштөөдө айырмачылыктар барбы?

- Негизи эң көп убактымды окуучулар менен иштөөгө арнайм. Себеби эки тилдүү класстагы окуучуларга бирдей түшүндүрүп, аларга болушунча кызыктуу сабак өткөнгө аракет кылам. Жүн иштетүү боюнча кыздарга үйрөтүүдө атайын материалдарын, жүндөрдү, түрдүү түстөгү кийиздерди сатып алып практика жүзүндө көбүрөөк алар менен бирге иштейм. Кыздар дагы берилүү менен жактырышып, "аябай кызыктуу экен, чарчабайт экенсиз" деп жакшы көрүп окушат. Орус улутундагы кыздар кийизден жасаганга, оймо деген эмне, ал эмнеден жасалат, кандай алынат, сайма менен толтурганга абдан кызыгышат. Анан алардын эмгегине жарата баа коём.


- Мугалимдерге жана окуучуларга кандай ой-тилектериңиз бар?

- Мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди жана чыдамкайлыкты каалайм. Ата-энелерге да ыраазычылык билдирем. Балдар - биздин келечегибиз дегендей, окуучуларга ден соолук каалайм.

- Маегиңизге рахмат! Кол өнөрчүлүк ишиңизге ийгилик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан