Митингге чыккандар өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасынын үстүнө чыгып алышып, таш менен талкалашты. Анын кесепетинен унаадагы куткаруучулар ар кандай жаракаттарды алышты.
"Тез жардам" унаасын чакырганда келбегендиктен жолдогу белгисиз айдоочуну токтотуп, жаракат алгандарды ооруканага жөнөтүштү.
Аянттагы митингге чыккандар туш тарапка чачырап, каршылык көрсөтүп жатышат.
Киев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде укук коргоочуларга карата таш ыргытышты. Милиция кызматкерлери тарабынан аларды качыруу үчүн көздөн жаш агызуучу зат чачылып жатат. Бирок жарандар таш, таяк менен чабуул жасап жатышат.
Бүгүн, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына наарызы болгон тараптар аянтта митинг уюштурушту.