5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты. Массалык баш аламандыктан кийин Бишкектин борбордук көчөлөрү, "Ала-Тоо" аянты желим баштык, бөтөлкөлөргө жана таш, таяктарга, айрылган кагаздарга толуп калды.
"Тазалык" муниципалдык кызматынын кызматкерлери таштандыга толгон аймактарды тазалоону түн ичинде баштаган. 6-октябрда шоу-бизнестин өкүлдөрү, ыктыярчылар дагы көчөлөрдү тазалоого чыгышты. Айрым белгилүүлөр ыктыярчыларды ысык чай менен камсыз кылышты.
Алсак, ырчы Каныкей ыктыярчыларга таттуу токочторду алып барды.
"Аянтка жакын жашайм. Түн ичиндеги окуялар тууралуу эртең менен кабардар болдум. Социалдык тармактан маданият өкүлдөрүнүн аянтта жүргөнүн көрүп, таттуу токочторду алып жөнөдүм. Барсам эл өздөрү эле чай, самсы жана башка тамак-аштарды, суусундуктарды алып келип жатышыптыр. Ошолорду иреттеп таратууга көмөктөшүп, кофе, чай куюп берип турдум", - дейт ал.
Ал эми Съездбек Искеналиев таштандыга толгон аянтты жана борбордук көчөлөрдү тазалоого келип, кол-кабыш кылды. Ал борбор шаар жана андагы тазалык баарына керек дейт.
Алып баруучу Назира Айтбекова аянтты, көчөлөрдү тазалоо демилгесин баштап чыккандардын бири. Ал таң атпай аянтка келип, элди акыр-чикирлерди тазалоого чакырды.
Кайрымдуулук иштерин жасап жүргөн ырчы Бактыгүл Бадыева дагы тазалыкты камсыз кылгандарды азык менен камсыз кылуу үчүн аянтка келди.
Катарга ырчы Калыс Жакыпов да кошулуп, тазалык иштерине катышты. Мындан тышкары шоумен, режиссёр, жана башка өнөр адамдары келишти.