"Алты жылдан кийин алдыңарга кайтып келдим". Мелис Мырзакматов Ошко келип, эл менен жолукту

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына чет өлкөдөн кайтып келди. Аны Ош шаарында көптөгөн элдин тобу тосуп алды.

"Ак ийилет, бирок сынбайт экен. Алты жыл өтүп алдыңарга кайтып келдим. Кечигип, силерди күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм, мени өлкөгө киргизбей 3 саат текшеришти. Мен жана менин командам болгон күчүбүздү жумшап, көптөн бери талкаланып келген шаарды курдук эле. Ошол эмгектерди билип, тосуп алганыңарды көрүп толкунданып сөз таппай турам. Биз эми да бекем туралы, атуулдук согушка жол бербейли", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке ири суммада зыян келген деп тапкан. Ал Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетип, расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-07 07:40:21
Сарыбашев деле жакшы иштеп жаткан,аны ордуна эле калтырса болмок.Мелис аке,сөзсүз эле мэр болуш шарт эмес да (
-1
atai9292
2020-10-07 08:10:54
Сарыбашевди Мелис айдагандай жазыпсыңарго! Сарыбашевди шаардык депутаттар айдадыго ишенбестик көрсөтүп ал ошондон кетти буйруса бирин мэр бирин губернатор кылып Сарыбашевди айдаган депутаттардын өзүн айдаш керек
0
Tymar
2020-10-07 08:53:49
Кордунорбу эски куу тулку карышкырларды шайлап жатасынар. Жаны жаштардын которгондун ордуна.
-8
nazira...
2020-10-07 09:23:33
Жакшы болуптур Мелис келип. Бакиев, Акаев да келиш керек эми. Келсин оз жерине не жетсин
+6
katerina.li
2020-10-07 09:23:53
Кайра эле эскилер. Эл онолбойт
-3
samirabi
2020-10-07 09:29:25
Сарыбашев губернатор болсун,ал дагы жакшы иштеп аткан.Ошту ондоп койду го.Экоонор бириксенер Ош мындан да сонун болот
+5
nazira...
2020-10-07 09:30:11
Сарыбашев озунон мурун камераны алып чыкчы эле элге. Камера тартып теледен чыгармайынча элдин алдына чыкпайт эле. А камеранын аркасында эмне кылып атканын силер билбейсинер.
0
Glucke
2020-10-07 11:13:23
nazira... Жанында кошо жүргөн окшойсуң, калп эле жамандай бербе. Эл билет анын кандай иштегенин.
0
Nur777
2020-10-07 09:30:13
Мелис Мырзакматовдун интернетте суйлогону журот элди болуп-жарып туштуктор биригели,Сооронбай аканы туштуктук болгон учун кууп чыгышты ж.б деп,эгер бул фейк-маалымат болсо оповержение берсин,тогундосун...Оштон болбосом да ушу киши учун куйчумун,келишин каалачумун,эми мындай маалымат жалган болсо анда Оштук туугандар,Мырзакматов менен Сарыбашевди бирин мэр,бирин губернатор кылып шайлап алгыла,жакшы иштеп жаткан адамды кетирбеш керек.
0
Nur777
2020-10-07 10:20:47
Nur777,фейк эмес эле чын эле ошондой суйлоптур,анда Мырзакматов мен учун трайболист!
+1
Jaka78
2020-10-07 09:36:29
Азыркы мэр жакшы иштеген,мунун эмнесин зарыгып тосуп алдыңар..
+1
Nur777
2020-10-07 09:53:22
Сарыбашев жакшы иштеген болсо алып калгыла,суранып болсо да,жакшы иштеген адамды табыш кыйын,мына Колдуктор Балбак Тулобаевге жалынып атышат,кетпениз эле кетпениз,иштеп бериниз деп,болбосо 5-октябрь туну отставкага кеттим,моралдык укугум жок иштегенге деп биринчилерден болуп отставкага кетмекчи болгон эле...Садыр Жапаров деле айтып жатат го госоргандардын башчыларына тийишпегиле,иштегсин деп.
+4
lazygirl
2020-10-07 10:18:19
Түз эфирде наоборот бөлүнбөйлү деп сүйлөдү го. 2010 до да өзбек кыргызды бири бирине каршы кылып жогорудагылар эле бийлик талашкан деп. Провокаторлор дагы ошондой кылбастыгы үчүн өзбектерден айланып өтүп тургула деди.
+4
mirkaa5182
2020-10-07 10:59:04
Мелис Мырзакматов эң туура так эле сүйлөгөн мыйзамдуулук таалага кайталы, элдин биримдигин сактап калайлы деп атат Таалайбек Сарбашов болсо сонун иштерди кылып аткан аны заказной гор. кеңештин депутаттары алып атышат.
+2
ika8086
2020-10-07 13:28:51
кайра Ош шаарына мэрге шайлоо болсо Таалайды шайланыздар.31депутат каршы болсо значить алардын мыйзамсыз жол жээгине салган кафе ашканасы даарыканаларын сурдуртуп салгандыр шаардын коркун бузуп турган ашыкча имараттар ошолордун бизнесин талкалаган учун каршы добуш бергендир.Ош шаарынын мэрине Таалайбек Сарбашев татыктуу Мелис аягына чыкпай качты.Бирок экоону тен сыйлайбыз биргеликте сен менге келбей ынтымактуу иштесе элдин батасы тиет.
+1
Glucke
2020-10-07 14:28:55
ika8086,
Кайра шайлоо болсо мэрликке шаардык кеңештин депутаттары арасынан талапкер алып чыгып бир добуштан мэр шайлап алуу укугуна ээ болушат.
0
Gospozhatsetok
2020-10-08 00:26:14
Озу баардыкты баштаган ушул башчы сооройлор, элди болгон да ушулар, элди куулоп которулушко ундогон да ушулар.Бийлик десе элдин ден-соолугун да унутуп калдынар го. Эртен Кудай сактасын кан тогулсо эч кимге корунбой качып кетесинер...
+1
Bekmamat
2020-10-08 01:27:16
Мелисдин бизге кереги жок. Эл кыйналып коронавирус болуп жатканда, эл акча чогултуп жада калса жаш балдар чогуткан акчаларын беришди , даары дармек алайлы деп. Ошо учурда Мелис бир тыйын берип койгон жок. Эми мээрдин орду бошойт десе , учуп келе калды. Бизге андай бийлик деген Адам керек эмес. Мелисди камак керек .Ал киши жообго тартылган адам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан