Чүйдүн Кемин районунда зордуктоо кылмышына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Сокулук районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, 20-сентябрда саат 21:00 чамасында 30-35 жаштардагы белгисиз бирөө ээн талаада зордуктаганын айтыптар. Ыкчам чара көрүлүп, көп өтпөй шектүү делинип 32 жаштагы Орловка шаарынын жашоочусу кармалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.