Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын СИЗОсунан бошотолду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкканы айтылат.
Эске салсак, мурдагы вице-премьер-министр 2020-жылдын 5-октябрь күнү Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 9 жылга эркинен ажыратылган.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген: