Интернетке 6-октябрь саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын белгисиз адамдар басып алгандыгы, кассадан акча каражаттарын алып, акча төлөбөстөн көмүр ташып кетип жатышкандыктары тууралуу маалымат чыккан. Бул иш крим авторитет Мурат Кадыркулов (каймана аты Саяк) тарабынан уюштурулганы айтылган. Аталган факты Жумгал РИИБинин тарабынан каттоого алынып, учурда ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жерден эч кандай талап-тоноочулук катталбагандыгы аныкталган.