Бүгүн, 8-октябрда убактылуу ички иштер министри Курсан Асанов маалымат жыйын берүүдө.
"Өлкөдө негизинен абал тынч. Бирок тынчсыздана турган себептер бар" деди Асанов.
"Шайлоо жалпысынан ыплас иштер менен өттү. Жаштар чыгып тынчтык митинги өткөн. Андан кийин 100-150дөй бала Ак Үй жакка өтүп кетишти. Андан кийинки окуяларды өзүңүздөр билесиздер" деп кошумчалады Асанов.
Ички иштер министри ар бир облуста кызматкерлер иштеп жатышканын кошумчалады.