Курсан Асанов Чүй ОИИББинин өздүк курамы менен жолугушту

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Чүй облусунун ИИББинин өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 8-октябрь күнү Курсан Асанов Чүй ОИИББинин өздүк курамы менен болгон жолугушуусунда учурдагы абалга жараша жер-жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаж өткөрдү.

"Курсан Асанов кызматкерлерди мыйзам чегинде өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга чакырып, укук бузуулардын алдын алып, жергиликтүү тургундар жана элдик кошуундар менен биргеликте тартип бузууларга жол бербөө керектигин эскертти. Учурда өздүк курам коомдук коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ilbirs
2020-10-08 23:33:55
Ушуга баш ийген милициянын кызматкерлери келесоо. Кайсы документтин негизинде баш ийип, буйругун аткарып жатасынар. Силер мыйзамдын коргоочусусунар, озунор баш болуп мыйзамды бузуп жатасынар. Слердин мыйзамдуу жетекчинер бар ошого баш ийишинер керек, ал болбосо анын замдарыга баш ийишинер керек, самозванецке эмес! Мен эчкимдин тарабын алган жокмун, болгону чындыкты айттым! Баш ийбей, буйругун аткарбай эле койгула озу эле кетип калат. Эмне анын ордун башка бироо баса албайт дейсинерби?
+8
alym21
2020-10-09 10:19:22
Жондон жон эле барып отуруп калабы бул министирликке,бети жок экен бул кишинин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан