Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу таланттуу жаш акын Садырбек Турдубек уулу.
Ат-Башым алтын кең мекен,
Ажайып кооздук сенде экен.
Тоолоруң турса көтөрүп,
Топ жылдыз менен теңдешем.
АДАМ - СМАРТФОН
Адам кандай, кара жаным батты ойго,
Анан-анан окшоштурдум смартфонго.
Билимдери байттар менен өлчөнөт,
Бирөө бир байт, бирөө терабайт болсо.
Самсунг, Айфон, Хуавей жана башкалар,
Салыштырсак кадимки эле расалар.
Аты башка, заты башка болсо да,
Акылына окшош нерсе сакталар.
Адам жасап, жанын токтон салгандай,
Айфон, смартфон — жаңы туулган балдардай.
"Памятында" не бардыгы маанилүү,
Пайдасы бар, зыяны да бар ар кандай.
Жүз пайыздан ылдый түшөт кубаты,
А адамдын жүзгө жетер туу жашы.
Сотка өчсө кайра күйөт ток берсе,
Адам өтсө жерге кирер куу башы.
Жарык өчсө жан албастан жок болор,
Жан экенбиз смартфонго окшогон.
Кудай бизди окуйт кайра жандырып,
Шермендебиз чыкпаса экен кооптоном...
НЕ КҮНӨӨ
Тоолор баткан, доорлор жаткан көзүмө,
Толуп калды бир сулуунун карааны.
Ага жетпей же келе албай өзүмө,
Аз сүйүүдөн тарттым далай санааны.
Кезиккенде магдырадым, жүдөдүм,
Кесесинен келди шербет, бал ичким.
Көөдөнүндө соксо менин жүрөгүм,
Көрмөк аны көр көздөрү азистин.
Жакшы болду жүрөгүмдө тил жогу,
Жарылгыча кыйкырмактыр күн, түндөп.
Ичтим суусун жок дебесе бир жолу,
Идишине эриндерим тийсин деп.
Таза кылып жан дүйнөсүн барактан,
Табияттын нурун берип өңүнө.
Суктансын деп жасап койсо Жараткан,
Сулуулукту сүйгөн көздө не күнөө?
Уккан сайын тойбой турган көңүлүм,
Назик кыздын күлкүсүндөй өмүрүм.
Казынасын чачкан сымал душмандын,
Каалагандай коротууда сени ким?
Өмүр барда бош нерсеге күрөшпөй,
Өзүмө‐өзүм өчөгүшүп жүдөтпөй.
Табыш үчүн из түшө элек талааны,
Иштесем не күн‐түн соккон жүрөктөй.
Мен жөн адам өз турмушун эптеген,
Бир белгисиз күн келгенде чектелем.
А сен өмүр падышамсың тескеген.
Балдарыма ооштуруп канымды,
Жашатасың бөлөк акыл ‐ эс менен.
Эртең, балким, бүгүнкүмдүн баары жок,
Жаштыгымды картайтпачу дары жок.
Убакытым, жаным, денем жеңилет,
Урпактарда каным жашайт а бирок.
Далай доорду жашай берет эр өлсө,
Дал өзүндөй урпактары төрөлсө.
Мен сени тапкан күнү,
Өзүмдү жоготконмун.
Кез келдим чөйрөсүнө,
Керемет жомоктордун.
Күттүрүп келгенден соң,
Кетпеген конок болгун.
Тоолордон ашып түшүп,
Ташыды таалай-бактым.
Көркөмүң оазистей,
Көп издеп араң таптым.
Жараткан жараткан го,
Жаңысын аял заттын.
Махабат шамы күйсүн,
Мейли күн, түн болобу.
Жаркытып бул дүйнөнү,
Жашоодо бир бололу.
Сен мага бийик сепил,
А менден ким жогору?
Карашып туралычы,
Каректер талыганча.
Жыргалды тартуулаган,
Жылдар бар дагы канча.
Эң сонун күндөр өтсүн,
Экөөбүз карыганча.
БОЛГУМ КЕЛЕТ
Адам болбой эгерде терек болсом,
Жыгыларда адамзат жөлөп койсоң.
Отун болуп жагылып берер элем,
Катаал күндөр суугуна бөлөп тоңсоң.
Тоодой болсом Ай сүзүп, көк искеген.
Жаратканга зар айтып периштеден.
Орномокмун душмандар ортосуна,
Түз болмокмун жакшыга тегиз, кенен.
Кээ пенделер адамга шор, муң берет,
Ошондуктан аларга тойдум жедеп.
Назик колу алдейдин кармасын деп,
Наристеге оюнчук болгум келет.
Ал-кубатым ашып-ташып уландым,
Алп дөөлөрдүн муштарына чыдармын.
Бирок балам, баатыр сезчи өзүңдү,
Бир манжаңдын эпкининен кулармын.
Аламын деп көңүлүңдү ачаарды,
Аралап не оюнчуктуу базарды.
Атаң сага сынбай турган оюнчук,
Ат кылып мин – жат ийилтпес атаңды.