Мындан 4 ай мурда сүйүктүүсүнө баш кошкон актёр Болотбек Тилек үлпөт тоюн өткөрдү. Эки жаштын ак тою кечээ, 8-октябрда борбордогу тойканалардын биринде өттү. Актёр өлкөдөгү окуя тойго келе турган конокторду, өздөрүн дагы тынчсыздандырганын айтат.
"Жубайым экөөбүздүн жакшылыгыбыз ушундай кырдаалга туш болуп калды. Тойду сентябрь же октябрь айларында өткөрүүнү пландап, шайлоодон кийинки датаны тандап алганбыз. Шайлоодон кийин ушундай болорун эч ким билген жок да. Меймандар тынчсызданып, той болобу же токтоп калабы деп сурап жатышты. Өлкөдөгү башаламандык тоскоолдук жаратпай койгон жок. Ошентсе дагы жакшылыгыбыз жакшы өттү", - дейт ал.
Болотбек мырза сүйүктүүсүнө сөйкө салгандан бир апта өткөндөн кийин өлкөдө карантин жарыяланганын айтат.
"Карантиндик чектөөлөр жумшартылгандан кийин көрсөтүлгөн эрежелерге баш ийип, саналуу адамдар менен той берип, баш коштук. Эми үйлөнүү үлпөт тоюбузду берели, элдин батасын алалы деп келинчегим экөөбүз камынып даярданып жүрсөк, башаламандык орун алды. Эч нерсе эмес, мунун баары сыноо", - деп кошумчалады ал.
Болотбек Тилек 4-июнда сүйүктүүсү Арууке менен баш кошкон.