Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү милицияга Панфилов районунун тургуну 21 жаштагы Б.А. аттуу айымды Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөө аны күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектелип Панфилов районунун тургуну 24 жаштагы М.А. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.