Бишкекте төрөт үйүнүн 3-кабатынан боюн таштап жиберип, ооруканада жаткан келин өзүнө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. "32 жаштагы айымдын абалы оор бойдон. Эсине келип, өз алдынча дем ала баштады. Операция жолу менен жарык дүйнөгө келген ымыркайдын абалы да оор жана жандандыруучу бөлүмдө жатат",- деп билдирди дарыгерлер.
Эске салсак, 20-сентябрда таңкы саат 06:00 чамасында борбор шаардагы эне жана баланы коргоо улуттук борборунун үчүнчү кабатынан 32 жаштагы жаңы төрөгөн аял секирип кеткен эле. Анын эмнеге бул кадамга барганын тийиштүү органдар тактоодо.