Мирлан Бакиров Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду

10-октябрь, ишемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынды алып барган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Садыр Жапаровду өлкөнүн премьер-министри кызматына бекитүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомуна кол койду. Бул тууралуу парламенттик аппараттан билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысы кызматына саясатчы Садыр Жапаров дайындалганы маалымдалган.

Чукул жыйынга чогулган депутаттардын 67 добушу менен Жапаровдун талапкерлиги колдоо тапкан болчу.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан