"Жарык көчө" эстафетасы". Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын борбордук Шералиев Сулайман көчөсү толугу менен жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл тургуну Эрлан Смайыл уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай демилгени жаштар көтөрүп, көчө тургундары колдоого алып, акча каражатын чогултушкан. Жалпы 37 даана атайын түркүктөр 35 метр аралыкта орнотулду.

"Көчөнүн узундугу 1,5 чакырым. Материалдар гана сатып алынып, жумуштары жаштар тарабынан акысыз жасалды. Жарык жанса үмүт жангандай болду, жарык жакшылыктын символу деп жашоочулар кубанып турган учуру. Жакынкы жылдары бардык көчөлөрдү толугу менен жарыктандыруу демилгеленип жатат. Бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгында "Жарык көчө" эстафетасы А.Ажымамбетов көчөсүнө тапшырылды", - деди Эрлан Смайыл уулу.

Жарыкты жандыруу үчүн кызыл лента кесилип, айыл тургундары тарабынан чакан иш-чара уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан