Курсан Асанов УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Ал 10-декабрга чейин камакка алынды.
Бишкек шаарындагы массалык баш аламандыктарга байланыштуу Курсан Асанов камакка алынган. Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир канча саясатчылар кармалган.