Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогу 16-октябрда башталат

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогу 16-22-октябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, өлкө Кубогуна бишкектик "Дордой" клубунан башка Кыргыз Премьер-Лигасындагы 7 команда катышат.

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогунун чейрек финалы:

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Абдыш-Ата" (Кант);

"Каганат" (Ош) - "Алай" (Ош);

"Илбирс" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата).

Оюндар 16-октябрь күнү саат 14:00дө башталат жана коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан