Төкмө акын Аалы Туткучев өлкөдөгү акыркы абалды "Бириксек колдон келет" аттуу ырында чагылдырды. Акын өз ырында элди жана бийликти ынтымакка чакырган. Ошондой эле 5-октябрда орун алган курч кырдаалды дагы кошуп ырдаган.
Чыгарманын алдына социалдык тармактын колдонуучулары "акын баарын тилге салып айтып берди", "бул ар бир Кыргыз жаранына дагы тиешелүү сөз болуптур. Кыргыз өлкөсүн бөлүп-жарбашыбыз керек" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.