118 колл-борбору кайрадан кызматта. COVID-19 менен жабыркагандар үчүн кеңеш берүү кайрадан ишке киргизилди

118 колл-борбор COVID-19дун кайрадан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу штаттык режимде медициналык кеңештерди берүүнү кайрадан улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 13-октябрдан баштап COVID-19дун жайылуусунун алдын алуу жана өз убагында медициналык консультацияларды берүү үчүн Бишкек шаарындагы 4 бириккен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда, ошондой эле аймактык үй-бүлөлүк медициналык мекемелерде колл-борборун ишке киргизди.
Ушул жылдын 10-сентябрынан 10-октябрына чейин 118 кызматы убактылуу токтотулган. Колл-борбордун негизги максаты - калкка өз убагында медициналык кеңеш берүү менен COVID-19дан жабыркаган бейтаптардын санын азайтуу.
"118 - өзүн диагностикалоо линиясы" долбоору ушул жылдын 6-апрелинде Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бишкек мэриясы, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, "Сорос-Кыргызстан" фонду, "Медициналык билим берүүнү реформалоо" швецариялык долбоор жана "Кыргызтелеком" ААКсы биргелешип ишке киргизишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан