Ошто милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алып жатат

Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араван, Чоӊ-Алай, Өзгөн жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ар тараптуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, көчмө кабылдамалардын иштөө графиги райондук администрация башчылары менен биргеликте бекитилген. Мында жарандар кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузуулардан башка күнүмдүк турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелер боюнча да кайрыла алышат. Кабыл алынган арыз-даттануулар тийиштүү бийлик органдарына жөнөтүлөт.

"Ушул жылдын 9 ай ичинде Ош облусунун аймагында 7 милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу 629 жолу чыгуулар болуп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Чыгуу учурунда 837 атуул ар түрдүү маселелер менен кайрылышып, алардын ичинен 5 коомдук коопсуздук боюнча болсо, 388 башка кайрылуулар болуп, жалпысынан 393 кайрылуу боюнча азыркы учурда маселелер чечилип жатат", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан