Темирлан Султанбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, Темирлан Султанбеков 9-октябрда Бишкекте болуп өткөн митингден кийин кармалган. 12-октябрда Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Султанбеков СИЗО-1де кармалып жаткан.