Ырчы Данияр Эрматов: "Кызыбызга ысымды ата-энем менен бир туугандарым ыйгарды"

Кырк жылкылуу болгон ырчы Данияр Эрматов кызына Рания деген ысым ыйгарды. Мындай ысымды ата-энеси, бир туугандары ыйгарганын айткан ырчы буларга токтолду.

"Келинчегим 10-октябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 700 грамм болду. Бүгүн, 14-октябрда жубайым менен кызымды үйгө чыгарып келдик. Эне, баланын абалы жакшы. Ата болгонума дагы деле толкунданып жатам.

Атам, апам жана бир туугандарым кызыбызга Рания деген ысым ыйгарышты. Рания - тынчтык, токтоолук, сабырдуулук, чечкиндүүлүк дегенди билдирет экен. Буга чейин кыздуу болсом да, уулдуу болсом да мусулманча ысым ыйгарсам деп ниет кылып жүргөм.

Келинчегиме ушундай кызды төрөп бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле досторума дагы ыраазымын", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurais
2020-10-14 16:51:00
Өмүрү акылы ыйманы менен берген болсун
+7
aslonur
2020-10-14 17:01:32
Досторуна неге ыраазысын? Же не жардам беришкенби
+6
Jacob.
2020-10-14 17:24:43
aslonur, ниетти түздөйбүз, достору тигиндей мероприятияны уюштурушкан болсо керек.
+4
Babi.
2020-10-14 22:17:29
aslonur,))
+1
Tymar
2020-10-14 17:26:49
Данияр татынакай, жылдыздуу, сулуу келинчегин бар экен. Бактылуу болгула
0
oscar
2020-10-14 17:46:32
Кыргызча ысымдар жоголду го
+3
rola
2020-10-14 20:44:48
Омурун берсин.
0
rola
2020-10-14 20:45:36
Жаны торогондо бети башын байлап алчу эле.
+2
Aika1988
2020-10-15 10:20:11
rola,оа бети башты ороп тишти жылуулаш керек экен биз чондор айтса ээ дейбиз мен тиштеримди жылуулабай учунчу тороттон кийин тиштерим ооруп сынып жатат сулуусунан жылуусу деп бекер айтылбайт экен.Апаларыбыз башынан откоргон учун айтышат экен да ..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан