22-сентябрь күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Жолдон Тойота Эстима автоунаасынын 31 жаштагы айдоочусу бир аялды сүзүп кеткенин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Каза болгон жаран Ысык-Ата районунун 45 жаштагы тургуну. Ал ооруканага жетпей жолдо көз жумган. Учурда автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.