Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусунун курулушу 47 пайызга бүткѳрүлдү

Жалал-Абад шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын жаңы 100 орундуу корпусунун курулушунун 47 пайызы бүткѳрүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы облустук бириктирилген жаңы 100 орундуу оорукананын курулушу 2019-жылы башталган. Объекттин долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген.

Курулуш жумуштары республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча жүргүзүлүүдө. Финансы министрлиги тарабынан объектке жапысынан 50 миллион сом каржыланды.

"Учурда объекттин подряддык уюму тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп, жер төлөөнүн пайдубалы, колонналары, ригелдери, сырткы дубалдары, ички тосмолору орнотулуп, полдор бетондолду. 1-2-кабаттын сырткы дубалдары, колонналары, калка тосмолору, ички тосмолору орнотулду. Электр монтаждоо жумуштары аягына чыкты, полдору бетондолду, терезелери коюлду. Ошондой эле дубалдын шыбак жумуштары аткарылып жатат. Имараттын чатыры жабылып, учурда сырткы жылуулоо жумуштары жасалууда жана откананын дубалдарын тургузуу, сырткы канализациясы жасалып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Имараттын жалпы аянты 2975,6 чарчы метрди түзөт. Объектиде 45 жумушчу иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sabette
2020-10-14 22:09:16
47%пайыз деген ээми башталды буюрса эки жылдан кийин бүтөт дегенди билдиретда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан