Ош шаарында 2 күн жаратылыш газын берүү токтотулат

Ош шаарында 16-17-октябрда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, "Ходжаабад-Ош" газ түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 16-17-октябрда Ош шаарынын жашоочуларына жаратылыш газын берүү токтотулат.

Оңдоо иштери керектөөчүлөрдүн коопсуздугун жана жабдуулардын иштөөсүн камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан