Ош шаарында жарым ай ичинде санитардык нормаларды бузгандар боюнча 14 иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

Ош шаарында акыркы жарым ай ичинде санитардык нормаларды бузгандарга 132 миң сом айып салынып, 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Маалымат шаардык мэриянын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

14-октябрда Ош шаарынын "Курманжан-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгында шаардык жарандык коргонуунун штабынын протоколдук буйругуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана нормаларды сактоо зарылдыгы боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейддин алкагында коомдук тамактануу жайлардын кызматкерлеринин арасында санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Шакиров көчөсүндөгү 15ке жакын коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү жана тейлөө жайлары текшерилип, карантиндик эрежелерди, анын ичинде бет кап тагынуу режимин жана социалдык дистанцияны сактоо эрежелери боюнча мурда эскертилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга административдик айып салынды.

25-сентябрдан 14-октябрына чейин гана коомдук тамактануу, соода жана тейлөө багытындагы 475 объект текшерилип, анын жүрүшүндө санитардык талаптарды бузгандарга 132 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, шаардын ар бир муниципалдык аймактык башкармалыгында тиешелүү мобилдик топтор түзүлүп, эл көп чогулган жерлерди текшерип турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан