Бишкекте түн ичинде эч кандай тартип бузуулар катталган жок

Борбор шаарда түндө эч кандай тартип бузуулар орун алган жок. Шаардын жашоо нугу кадимкидей эле өтүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, коменданттык саат аяктагандан кийин шаардын аймагынан чыгуулар жана шаарга кирүү ачык. Коомдук транспорттор белгиленген каттамдарына ылайык үзгүлтүксүз жүрүп, талап-тоноолордун жана коомдук тартипти бузуунун бир дагы фактысы аныкталган жана катталган жок. Бишкек шаардык милициясы жана элдик күзөтчүлөр менен биргеликте борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн коомдук коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылат. Шаардын аймагында тартип сакчылары күнү-түнү күзөттө турушат.

Ички иштер министрлиги коменданттык саат 22:00дө башталып, таңкы саат 05:00гө чейин уланарын шаар тургундарына эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан