Дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду экинчи жолу катары менен карантин эрежелерин бузду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду Португалия курамасы жайгашкан жерди таштап, Италияга учуп кеткен. Роналду Португалия курамасы жайгашкан жерде 14 күн, ал эми Италияга баргандан кийин 10 күн обочолонуу режиминде болушу шарт. Футболчу Италиядагы обочолонуу режимин эртерээк бүтүрүп, 29-октябрда Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы "Барселона" клубуна каршы оюнга катышууну көздөп жатканы айтылууда.
Бирок бул оюнга катышуу үчүн Роналду 21-октябрда тесттин жыйынтыгы таза чыккандыгын көрсөтүшү керек.
Буга чейин Криштиану Роналду коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы кабарланган.