Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси учурда Ак Үйдүн жетинчи кабаты кандай абалда экенин көрсөттү

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 5-октябрда эл басып алган Ак Үйдүн жетинчи кабаты учурда кандай акыбалда экенин видео аркылуу көрсөттү. Видеону ал социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.

"Ак Үй, 7-кабат. Бул бизге сабак болушу керек. Мындан кийинки эл башчылары ушул күндөрдү унутпашы керек", - деп жазган ал.

Мындан тышкары Ибраим Нуракун уулу кызматтан кетишинин себебин Канатбек Исаевдин төрага болуп келиши менен байланыштырган.

Ак үйдүн 7-кабатынын учурдагы абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан