Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элдин алдында Садыр Жапаров келип сөз сүйлөдү.
"Урматтуу туугандар, мына бүгүн сиздердин чыныгы жеңишиңиздер. Сиздер жеттиңиздер ошол жеңишке. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдеттерин аткаруу мүмкүн эмес экендигин айтып, арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү. Сиздердин ишеничиңиздерди аткарууга ушул сааттан баштап киришемин. Ырахмат баарыңыздарга, таараңыздар эми", - деди ал.
Бүгүн, 15-октябрда өкмөт үйүнүн алдына Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар чогулган. Митингге келгендер кийинчерээк "Ала-Арча" резиденциясына жакын "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына барышты.
Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин расмий түрдө жарыялаган.