реклама
super.kg logo

Өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

 

Тышкы иштер министрлиги, анын ведомствосуна караштуу уюмдар, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн чет мамлекеттердеги мекемелери иштерин, анын катарында саясий, соода-экономикалык кызматташуу жана чет мамлекеттердеги Кыргыз жарандарынын укуктарын жана талаптарын коргоо маселелери боюнча иштерди да кадимки режимде жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган мекемеден соңку күндөрдөгү саясий окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

"Азыркы убакта ички саясий кырдаал укуктук нукка кайтышы менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү, бардык мамлекеттик жана администрациялык органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантуу менен штаттык режимде иштеп жатат. Тышкы иштер министрлиги, анын ведомствосуна караштуу уюмдар тиешелүү иштерди кадимки режимде жүзөгө ашырууда.

Кыргыз Республикасы өлкө жана эл үчүн болгон бул оор күндөрдө колдогондору үчүн бардык эл аралык коомчулукка, регион боюнча өзүнүн дос жана бир тууган кошуналарына, стратегиялык өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирет.

Кыргыз мамлекети эл аралык милдеттемелерин толук карманарын жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди, макулдашууларды катуу тартипте аткарарын билдирет.

Ошол эле убакта Кыргыз тарап өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен өз ара достук мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана республиканын аймагында турган чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда үзгүлтүксүздүктү сактоону карманарын тастыктайт".



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153091;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: