"Тайсон" каймана аты менен таанымал белгилүү кыргыз мушкери Канат Келдибеков кийинки беттешин "АСА 113" турниринин алкагында 6-ноябрь күнү Москва шаарында өткөрөт. Бул турнирде "Тайсон" күчтүү делинген орусиялык мушкер Александр Матмуратов беттешмекчи.
31 жаштагы Александр Матмуратов өзүнүн карьерасында жалпы 14 беттешке катышса, анын 9унда жеңүүчү аталып, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми кыргыз мушкери Канат Келдибеков өзүнүн карьерасында жалпы 20 беттеш өткөрсө, анын 15инде жеңүүчү аталып, тилекке каршы, 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан.