реклама
super.kg logo

Рэпер Баястан менен жубайынан коронавирус инфекциясы аныкталды. "Учурда үй шартында дарыланып жатабыз" дейт ырчы

 

Рэп ырчысы Баястан менен жубайы Зульфия Лансаровадан коронавирус инфекциясы аныкталды. Учурда түгөйлөр үй шартында дарыланып жатканы рэпер менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Илдет алгач Баястандан аныкталган. "Ооруганыма бир апта болуп калды. Илдет оор формада өтүп, азыр жакшы жылыштар болуп жатат. Жубайым экөөбүз тең үй шартында дарыланып жатабыз", - деди ал.

Ал эми Зульфия айым вируска кабылганы тууралуу билдирүү калтырды.

"Менден инфекция аныкталды. Баястандан кийин менин деле ооруп калышым күтүлүп жаткан. Башым катуу ооругандан башталды (кыймылдаганда денемдин ар кайсы бөлүктөрү ооруп жатты). Чыдайм го деп ойлогом... Дене табым 38,5ке чейин көтөрүлдү. Бүгүн 3 күн болду, абалым жакшырып калды.
Баястанда илдет оор өтүп жатат (баш оору, жөтөл, кусуу, диарея, алсыроо)",
- деп жазды.

Ошондой эле Зульфия айым учурда кызын ата-энеси карап жатканын айтат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.10.2020. 14:11 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-09-2020
Соӊку аракети:
23-10-2020 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
сакайып кеткиле
17.10.2020. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
22-10-2020 21:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынардын бактына эртерээк сакайгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153675;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: