Бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин 76 депутаты катышууда.
Жыйында депутаттар Бишкек шаарына жарыяланган өзгөчө абал маселесин карап, аны алып салууну чечишти.
Бишкек шаарына өзгөчө абал режими 5-октябрдагы кагылышуудан кийин киргизилген.