Бүгүн, 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүүсү Жогорку Кеңеште каралды.
Жыйын учурунда элден өзгөчөлөнүп, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков китеп окуп отурган. Бул учурга маалымат каражат өкүлдөрү күбө болуп, ал учурду сүрөткө тартып алган.
Бүгүн парламент президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Жыйында Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал алып салынды. Ошондой эле президенттин кызматын убактылуу аткаруу милдети премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүлгөнү маалым болду.
Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп ушул жылдын 14-октябрында дайындалган.