Социалдык тармакка Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясы менен жабыркаган бейтаптар үчүн бош орундар калбай калганы тууралуу маалымат тарады. Ыктыярчылар коомунун жетекчиси Улуттук госпиталда жаткан бейтаптын видеосун интернетке жарыялап, "орун жетишпейт, концентратор жок" деген билдирүү калтырган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул маалыматка карата түшүндүрмө берип, видеодогу аял каза болгонун, ал бейтапканага 6-октябрда келип түшкөнүн айтышты.
"1968-жылы туулган С.Е. "Тез жардам" кызматы аркылуу Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө келип түшкөн. Ал табарсыктын таш оорусу, жугуштуу гидронефроз, курч ириңдүү калькулёздук пиелонефрит, уросепсис, ашыкча салмактуулуктун үчүнчү даражасы (220 килограмм), кант диабетинин 2 түрү, орточо аз кандуулук менен ооруканага жаткырылган. Бейтаптын абалы орто оор деп бааланган.
Ага компьютердик томография жана рентген жасалып, өпкөсү текшерилип, өзгөрүү жок экенин көрсөткөн. Бейтаптын оң бөйрөгүнө стент коюлуп, антибиотикалык терапия дайындалган. Стент коюлгандан кийин бейтаптын абалында жакшыруу динамикасы байкалган.
13-октябрда бейтап дем алуусу кыйындап баштаганын айтып, компьютердик томография жасалган. Жыйынтык эки тараптуу пневмония илдети бар экенин тастыктаган. Госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө бош орун болгон эмес, бирок бейтап өзүнчө палатага жаткырылып, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.
15-октябрда бейтаптын сатурациясы 70 пайызга түшүп, тез арада 3 кычкылтек концентраторуна кошулган. Сатурация 90 пайызга көтөрүлгөнү менен бейтаптын кан басымы түшүп, 16-октябрда саат 06:00дө каза болду.
Маркумдун денеси текшерүүгө жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.
Бүгүнкү күндө Улуттук госпиталда 285 кычкылтек концентратору бар, алар керек болгондо дароо колдонулат.