Бүгүн, 16-октябрда саат 14:30га карата өкмөт үйүнүн алды тынч. Белгилей кетсек, бир нече күндөн бери өкмөт үйүнүн алдында тынчтык митинги өтүп жаткан. Түшкө чейин бул жерге бир нече адам топтолгон, бирок Жогорку Кеңештин жыйынынан кийин алар тарап кетишти.
Топтолгондор Садыр Жапаровду колдоп митингге чыгышкан. Жогорку Кеңеш президенттин отставкасын кабыл алып, Жапаров өкмөт башчылык кызматты жана президенттин милдеттерин аткара турган болгондон кийин тарапташтары акырындан тарап кетишти.